Мырза-Аке айылындагы Раззаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Нурдана Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
«Эртең менен кыздын энеси чалды. Айтымында, кызын башка тарбиялануучу согуп койгондуктан мектеп-интернаттан кетип калган. Ал туугандарыныкына баруу үчүн маршруткага отуруп, жолдон уктап калган. Ошко келгенде гана ойгонгон. Жергиликтүү тургундар кызды өз үйлөрүнө алып барышкан. Алар кыздын энеси менен байланышууга аракет жасашкан, бирок телефон убактылуу иштебей жаткандыктан байланыша алышкан эмес. Кийин алар энесинин кайрылуусун интернеттен окуп калышып, байланышка чыгышкан», -деди Назгүл Турдубекова.
Эске салсак, кыз 12-сентябрдан бери изделип жаткан.