12:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди. 

Анын айтымында, бүгүн мамлекет башчы спортчу менен жолугушту. Машыктыруучуга акчалай сыйлык берилди.

Эске салсак, Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган. 

Эң көп окулган жаңылыктар