18:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалгыз эч нерсеге жетише албайт. Президент жаңы министрди колдоого чакырды

Парламентке президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келишти.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди. Сооронбай Жээнбеков аны куттуктап, элге кызмат кыла берээринен үмүтү чоң экенин айтты.

«Бул министрликтин дарегине карата бир канча эскертүүлөр айтылып келди. Билим берүүнүн сапатына, китептердин басылып чыгышына көп сындар айтылды. Октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйөт, билим берүүгө кошумча каражат бөлүнөт. Бирок тилекке каршы, билим берүү системасы биз ойлогондой жакшырбай жатат. Бул министрликтин жетекчилигинин ишинен көз каранды. Жаңы министрдин жоопкерчилиги өтө жогору. Анын бул тармакта тажрыйбасы көп болгону менен, жалгыз эч нерсеге жетише албайт. Мындан улам баарыбыз бирге билим берүүгө көнүл бурушубуз абзел», -деди мамлекет башчы.

Эске салсак, 11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгына ылайык, Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. 4-сентябрда мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева отставкага кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума