18:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси. Ошто эл аралык театр фестивалы өтөт

Бүгүн Ош шаарында Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Эл аралык театр фестивалынын катышуучулары кечээ Ош шаарына учуп келишкен.

Иш-чаранын алкагында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында түрдүү спектаклдар коюлат.

Буга чейин Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси өзү туулуп өскөн мекени Ысык-Көлдө белгиленген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар