01:45
USD 86.80
EUR 91.40
RUB 0.83

ИИМдин мурдакы орун басары Курсант Асановдун уулу Өзбекстанга чыгып кетти

ИИМдин мурдакы орун басары Курсант Асановдун уулу Мухаммед-Али Өзбекстанга чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды.

Аскер прокурору Нуркамал Набиевдин айтымында, Мухаммед-Али Асанов «Достук» чек ара бекети аркылуу өтүп кеткен.

Курсант Асановдун уулуна август аягында издөө жарыяланган.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн, ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асанов бошотулган. 23-августта анын айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу кармалган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар