06:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коопсуз шаар. Камераны талкалагандардын бири кармалды

Милиция 8-августтагы башаламандыкта бейбаштыкка шектелип жаткандардын бирин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-августтан 9-августка караган түнү жаштардан турган топ Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ары-бери өткөн унааларды карап, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сабайбыз коркутушкан. Алар милициянын бир канча унаасын жана «Коопсуз шаар» долбоорунун камерасын талкалап салышкан.

«Бейбаштар 3 миллион сомдук чыгым келтиришкен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүүлөрдүн бири 26 жаштагы М.С. кармалды. Калган бейбаштардын кайда жүргөндүгү аныкталууда», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар