12:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акыркы 8 айда кайтарылган бюджеттик насыялардын суммасы 3 миллиард сомдон ашты

Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-август айларында кайтарылган бюджеттик насыялардын жалпы суммасы 3 миллиард 469,72 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги карыз боюнча- 2 миллиард 371,39 миллион сом, пайыздар жана айыптар боюнча 1 миллиард 98,32 миллион сом кайтарылды.

«2019-жылы бюджеттик насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карыздарынын ичинен 3 жарым миллиард сомду кайтаруу божомолдонгон, анын ичинен негизги карыз боюнча — 2 жарым миллиард сом, пайыздар жана айыптар боюнча 949,32 миллион сом кайтарылмакчы», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар