07:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Билим берүү тармагы кандай өзгөрүүлөргө жана жаңыланууга муктаж?

11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгына ылайык, Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеште билим берүү министрлигине көрсөтүлгөн Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатканда, депутаттар кеп-кеңештерин, сунуштарын айтышты.

Билим берүү тармагы кандай өзгөрүүлөргө жана жаңыланууга муктаждыгы боюнча 24.kg агенттиги айрым инсандарга собол узатты.

«Жайлоодогу өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков:

— Биринчиден, билим берүүнүн менеджменти бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт жана эффективдүү эмес. Ошондуктан мектеп директорлорунун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына карата шайлоо механизмдерин иштеп чыгышы керек. Буга мугалимдер менен катар эле ата-энелер комитеттерин, камкорчулар кеңешин катыштырса болот. Ошондой эле, аларды ротация кылуунун жолдорун да кароо зарыл.

Экинчиден, мазмундук жаңылануу керек. Азыркы күндө сааттардын көлөмү дагы да көп жана натыйжалуулугу азыраак. Андыктан предметтердин саат жүктөмүн жана мектептерди профилдештирүү багыттарын карап чыгуу, жакшыртуу жагы бар.

Тилекке каршы мамлекет тарабынан бөлүнгөн 30 миллиард каражат майнапсыз колдонулуп жатат. Аны даректүү бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева:

— Эли билимдүү өлкө, прогрессивдүү өлкөгө айланат. Билимге баланы шыктандыруу — үй-бүлөдөн башталышы зарыл. Ата-эне ошого ынтызаар болуу менен, айылдан баштап, шаарларга дейре балдар бакчасы салынып, балдар алгачкы тарбияны жана билимди бакчадан алыш керек.

Заманбап мектептер, эң алдыңкы оргтехникалар, окуу курал жарактары жана өтө билимдүү мугалимдер (албетте мугалимдердин айлыгы татыктуу болуш керек) болгондо гана билим берүү тармагында өзгөрүү болот.

Жылдызкан Жолдошева
Билим жаатындагы өзгөрүүгө өкмөт каражатты аябаш керек, анткени билимдүү жаштар -өлкөнүн келечеги.

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев:

— Билим берүү тармагындагы эң чоң көйгөй — бул окуу процессинин аябай төмөндөп кеткендиги. Көпчүлүк адистер диплом алганы менен өндүрүштө жөндөмдүү болбой жатышат.

Демек, сандан сапатка өтүш керек. Мисалы, Совет доорунда Кыргызстанда 10 эле жогорку окуу жайы (ЖОЖ) болуп 100 миңге жакын студент билим алчу, бирок алар сапаттуу, билимдүү жана тажрыйбалуу адистерди чыгарышчу. Азыр болсо бизде 52 ЖОЖ бар, 300 миңге жакын студенттер окуйт, бирок чыныгы адистер жок катары. Демек, бул жерде аябай терең жана кенен реформа керек.

Азыркы билим берүү жана илим министрлиги жалгыз гана билим менен иштеши керек. Кептин баары ошол жерде.

Өлкөнүн келечегинин башаты 1 миллион 500 миң уул-кыздарыбыз окуп жаткан мектептерде, техникумдарда, училищелерде жана ЖОЖдордо.

Ошолорду эле колго алып, реформа аркылуу заманбап, билим системасын түзү алсак, анда ишибиз оңолот. Ал эми илим тармагын болсо, негизинен Улуттук илимдер академиясына бериш керек. Тармактуу илим-изилдөө мекемелерин болсо, түздөн түз тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго өткөрүү зарыл, өткөргөндө да каражаты менен чогуу өткөрүү керек. Каражатсыз илимий мекеме куурап калган талга окшош.

Актриса Замира Сатыбалдиева:

— ЖОЖдордун санын кыскартуу керек. Себеби, жумуш жок. Мисалы, кайсыл кесип керек болот деп келе жаткан 5-10 жылдыкта анализдеп, ошого жараша факультеттерди аныкташ керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума