07:52
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Жеңишбек Жумакадыр акындардын калыстыгы, билим, ислам жана төкмөлүк тууралуу

Эл аралык айтыштардын бир канча жолку жеңүүчүсү, белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жакында эле төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтышта баш байге ээси болду.

Төкмө акын 24.kg агенттигине жетишкен ийгилиги, окуган китептери жана тасмага тартылуу тууралуу кыялын айтып берди. 

Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды
Фото Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды

— Жакында эле өткөн эл аралык айтышта жеңүүчү болом деп күттүңүз беле? Бул канчанчы жеңишиңиз?

— «Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» дегендей, ар бир күлүк марага жетейин деп чуркайт. Мен көптөгөн жеңүүчү акын катары дайыма айтышка чыгаарда «жеңбесем дагы элдин күткөнүндөй татыктуу намысты коргоп, уят болбой айтышайын» деп ойлоном. Бул жолкусунда дагы ошондой жакшы ойлор, ниет болду. Казактардын менмин деген мыкты акындары келди, насип экен алардын үчөө менен айтыштым. Албетте, өзүмө өзүм сын бере албайм, элдин батасы менен ийгиликке жеттим.

Ал эми канчанчы жеңишим экенин чынын айтсам эсептеп көрбөптүрмүн.

— Төкмө акындар чындыкты, калыстыкты айтып, өлкөдөгү окуяларга кайдыгер караган эмес. Алар элдин үнү болгон. Азыркы төкмө акындар ушундай ролду аткарып жатабы?

— Биздин акындар акыйкатты дайыма айтып келет. Ырдап жаткан термелерибиз, чоңдорду сындаган ырларыбыз элге белгилүү. Акыркы айтышта дагы аткаминерлердин көзүнчө сындарды айттык. Демек, акындар өзүнүн кудай берген вазыйпасын аткарып жатат. 

Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды
Фото Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды

— Социалдык тармактарда «Китептерден жолугалык кайрадан» деп насаат ырыңыз желдей тарады, кандай китептерге кызыгасыз?

Кээ бир адамдар китеп окуганын элге жарыялап, окуган китептеринин санынан бери айтып жүрүшөт. Мен акырын, өзүм үчүн эле окуйм.

Чыгыш акылмандарынын, Мавлана Джалал ад-Дин Мухаммад Руминин акыл-насааттарын окуйм. Кыргыз жазуучуларынан Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун, Касымаалы Жантөшевдин, Камбараалы Бобуловдун чыгармаларына басым жасайм. Айрыкча бала кезде кой кайтарып жүргөндө «Каныбекти» көп окудум, кийин «Ала-Тоо» журналында жарыяланган аңгеме, романдардын үзүндүлөрүн окуп жүрдүм.

Азыр дүйнөнү кызыктырган «Кантип бай болуш керек?», «Кантип ийгиликке жетиш керек?» деген сыяктуу китептер толуп кетти го, аларга басым жасабайм. Көбүнчө чөнтөктү эмес, жан дүйнөнү байыта турган чыгармаларга көңүл бурам.

Жеңишбек Жумакадыр
Конокко барып калсам деле «үйүндө китеп бар болду бекен» деп көз жүгүртөм. Экинчи болуп комузду карайм. Эми комузду баары эле черте албашы мүмкүн, андыктан улуттук музыкалык аспап үйлөрдө болбосо да, китеп болушун каалайт элем. Китептер толуп турса бала окуйт. Менин чоң атам китептерди чогултуп, үйгө алып келип койчу. Анда Ысмайыл Борончиев баштаган төкмө акындардын, белгилүү жазуучулардын чыгармалары бар эле. Гезитке чыккан кызыктуу чыгармаларды кыркып туруп коюп койчу. Кызыгып окуп жүрдүк, ошол чоң пайда берди. Ал эми мусулман болгондон кийин күнүгө калтырбай Куран окуйм.

— Китеп окууга маани берсеңиз, анда үйүңүздө интернетке киргенге чектөө болсо керек?

— Интернет —оору. Биздин үйдө деле колдонобуз, бирок чеги менен. Тамашалап «азыр Wi-Fi өчүрөм, китеп окугула» деп айтып калам. Биз кошуналардын балдары менен китеп окуу саатын киргизип алганбыз. Жумасына 3 жолу чогулуп бирге китеп окушат. Бир мугалимибиз бар, ал келип балдарга тапшырма берип, кыргызча ырларды жаттатып, аңгемелерди окуп берет.

— Казак акындары бизге көп келип турат. Кыргыз өнөрпоздору дагы коңшу өлкөгө чакырылабы?

— Жакында коңшу Казакстандан чакыруу келди, 18-19-сентябрда Карагандада чоң айтыш болот.

Казакстанда ири иш-чаралар өтөт. Бирок, аларда колдоо биздегидей кыйкырык-сүрөөн менен коштолбойт. Жөн гана кол чаап коюшат. Бизде аябай колдоп сүрөшөт эмеспи. Казак акындары өткөндө «биз дагы казак эли сүрөй тургандай абалга жетишибиз керек» деп суктанып, кичине моюндарына алышкандай болду. Буюрса, илгерки чоң акындардай болуп, барып-келип көп айтыштарга катышабыз деген ой бар.

Казакстанда өзү айтыштар бир айда 2 жолу өтүп турат. Коңшулардын байлары өздөрүнүн фирмасын, же ата-бабаларынын атын чыгарыш үчүн, чоң-чоң байге коюп айтыш өткөрүшөт. Акындар барып ырдап, байге алып такшалышат экен. Алардын эли көп, жери чоң, акындары да арбын. Бизге да жугуштуу болуп, ар бир райондо, облустарда чоң демөөрчүлөр чыгып, кызыктырып көбүрөөк ырдатса, жаш акындар дагы такшалат беле. 

Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды
Фото Жеңишбек Жумакадырдын жеке архивинен алынды

— Өз кесибиңиз актер, тасмага тартылууга сунуштар түшөбү?

— Актерлук боюнча роликтерге түшүп жүрөм. Учурунда театрда ойногом, бирок турмуш шартка байланыштуу бир аз тыныгуу сурап, акындыкка ооп жүрөм. Тасмага тартылуу сунушун айтып, чакыргандар көп. Өткөндө режиссер Бакыт Мукул тасмага тартылууга чакырды, ойлонуп атам. Жакшы бир башкы ролду ойносом деген оюм бар, ийгиликтин эрте кечи жок эмеспи. 80 жаштагы абышка айтат дейт: «Каап, былтыр жаштык кылган экенмин» деп. Анысы кандай өкүнбөгүдөй болуп, тасмага тартылуу жагынан жолумду ачсам деген тилегим бар.

— Сиз динди карманган адамсыз, исламда төкмөчүлүккө, музыкалык аспапта ойногонго каршылык жокпу?

— Ислам дини -бул өтө улуу дин. Муну терең жана кенен түшүнүш керек. Чоң аалымдар менен мамилем бар, буга өзүм да аралашып жүрөм, окуп билим да алганмын. Кудай-Таала ар кимге өнөр берип, «ушул өнөрүң менен ырыскыңды тап, элге пайда келтир, зыянын келтирсең кыяматта жооп бересиң» деген. Мисалы, бир завод бычак чыгарат дейли. Ошол бычакты адам кой сойгонго, нан кескенге же жакшы нерсеге колдонсо — бул жакшы. Ошол эле бычакты алып киши өлтүрсө — бул жаман нерсе. Бирок, күнөө бычакты колдонгон адамдабы, же заводдобу? Өнөр дагы ошондой. Талантың менен бирөөлөрдүн арам иш кылганына себепкер болбой, жакшылыктын жарчысы болсоң жолуң ак.

Төкмөлүк өнөр исламга эч качан каршы келбейт. Анын үстүнө Пайгамбарыбыздын (саллаллааху алайхи ва саллам) жанындагы сахабаларынын ичинен Хассан ибн Сабит төкмөчүлүк өнөргө ээ болуп, жакшылыкка чакырып ырдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар