12:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Идирис Айтбаев: Акындык өнөрүмдөгү чоң устатым- мектептеги окуучуларым

Көпчүлүк Идирис Айтбаевди 6 тилде төгүп ырдаган акын катары билишет. Мындан тышкары анын 2 жыл мурун кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек арадагы айрым көйгөлөр жөнүндө төгүп ырдаганын, коомчулук эки элдин достугун бекемдөөгө жакшы шарт түздү деп сыпаттап жүрүшөт.

Төкмө акын учурда Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында оркестр мүчөсү катары эмгектенүүдө. Ал 24.kg агенттигине акындык өнөрдүн күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды

— Көп учурда саясий кырдаалды, коомдук көйгөйлөрдү, орчундуу маселелелерди куудулдар тамашага салып, кыйытып айтышса, төкмө акындар болгонун болгондой эл алдына айтып алып чыгышат. Бийликти сындап ар кандай кысымдарга алынган учур болду беле?

- Жеке өзүм буга чейин бийликти же саясатты сындап акындык кылган эмесмин. Анткени, бизге чейинки улуу акындардын баардыгы бул жаатта ырдап аткандыгы үчүн, жеке өзүмдүн бул теманы ачыктап ырдап берүүгө эч кандай муктаждыгым жок. Тескерисинче кесибим мугалим болгондугуна байланыштуу, элге руханий азык берүүчү, адеп-ахлак, таалим-тарбия жаатында гана ырдап турайын, ал саясатты санатка салып төгүп аткан башка акындардын саны жетиштүү деген пикирдемин. Ошондуктан бул темада ырдап, ар кандай кысымга жолуга элекмин.

- Төкмөчүлүк өнөргө канча жашыңызда келгенсиз? Алгачкы жолу ким менен айтышка чыккансыз?

- 2005-жылы студент кезде Ош шаарында биринчи жолу айтыш өтүп, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев сыяктуу төкмө акындарды жанынан алгачкы ирет кол узатып көргөнмүн. Ошондон тарта акын болсом экен деген кызыгуу пайда болду. Бирок, ага чейин деле калем шилтеп, жазма акын катары ырларды жаратып турчумун. 2006-жылдан бери карай акындыкка өз алдымча аракет кылып даярдана баштадым. 2008-жылы окууну аяктап, Бишкекке жумуштап барып калдым. Устатым Жеңишбек Жумакадырдын үйүндө болдум, батасын алдым. Анын жанында жүрүп ал кишинин асыл сапаттарын, акындык улуу өнөрүн үйрөнө баштадым. Көп өтпөй 2009-жылы Ошко жумуш таап келүүгө аргасыз болдум. Бирок, өз алдымча даярданып, өнөрдү уланта бердим. 2014-жылы Ош шаарында «Диалог» платформасы уюштурган эл аралык казак-кыргыз айтышына катышып, биринчи жолу сахнага айтыш аренасына кадам аттап кирип келдим.

Буга чейин өз алдымча даярданганда чоң сахнада, чоң айтышта чоң акындар менен беттешсем экен деп, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев сындуу акындарды өз алдымча атаандаш катары кармап даярданып жүргөм. Биринчи эле айтышта мен көксөгөн акындар менен беттешүү насип болуптур.

Жеңишбек Жумакадыр жана Аалы Туткучев менен айтышып калдым. Мен үчүн унутулгус күн болду. Биринчи орунга Жеңишбек Жумакадыр жана Идирис Айтбаев айтышат деген кезде, мен устатыма кезек берип, «устатым менен айтышпайм, мен 2-орунга ыраазымын» деп устатымдын да, калың элдин да ак батасын алгам. 
Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды

- Төкмөчүлүк өнөрдүн келечеги кандай? Азыркы жаш чыгып келе жаткан төкмөчүлөр тууралуу пикириңиз? Кандай кеп-кеңештерди бере аласыз?

- Төкмөчүлүк өнөрдүн келечеги кең деп айта алам. Бирок, таяктын 2 жагы бар, бул өнөрдүн көйгөйлүү жагы дагы бар. Эл арасына аралап кире турган болсок, чечен, сөз баккан, жамактап сүйлөгөн, бирок ошол эле кезде анын жанында бирөө жүрбөгөн чечен кишилерибиз аябай көп. Ошол кишилер чечендигинин үстүнөн таптап иштешсе, аябай күчтүү акындар чыкмак. Бирок, турмуштун кыйынчылыгынан, экономикалык кысылыштын айынан өнөрүн таштап коюп өрөөндөп, талаада иштеп жүргөн канча өнөрлүүлөр бар.

Ошолорго материалдык жардам берген колунда бар кишилер болсо, бул өнөр дагы да өркүндөп, дагы да баралына жетмек деп айта алам.

Азыркы жаш чыгып келе жаткан төкмөлөргө бир гана кеңешим, акындын 6 сап айткан ыры менен анын акындык деңгээли, эң негизгиси адамдык деңгээли көрүнүп калат. А деп оозун ачканда акындын жүрөгү кошо көрүнөт. Ошондуктан, жаш акындарды чоң бир саясатты сындап, же элге акыл насаат айтып ырдап, жашабай жатып чал болуп калганын көрүп кээде жаным кейип кетет.

Андыктан акыл-пикир, же бирөөгө кеңеш берип ырдагандан мурда, жеке өзүнүн али бала экенин эске салып, өзүнүн деңгээлине жараша төксө экен деген гана кеңеш берем.

- Мындан 2 жыл мурун Өзбек ажосу унаа жана батир белек кылган. Унааңызды айдап жүрөсүзбү? Кыргызстандан кандай сыйлык, наамдарды алгансыз?

- Кыргыз-өзбек достугунун бекем болушу, чек аралардын ачылышы бул менин ойлосом оюмдан кетпеген, уктасам түшүмдөн кетпеген чоң бир үмүтүм, көөдөнүмдү кыйнап жүргөн кайгымдын бири болчу. Чек аралар ачылса, ата-энемди кучактасам деген максатым менен 5 жылдан ашуун мөөнөттө Өзбекстанга, өзүм төрөлгөн жерге өтө албай,  чек арага жакын аймактагы карапайым элдин кайгысын билген инсан катары- бул мен үчүн чоң күйүт жана 2 жылдан бери чоң сүйүнүчкө айланган чоң кубанычтын бири. Ооба, өзбек ажосу унаа жана батир белек кылган, унааны атама тартуулагам. Өзбекстанда биз жашаган айылга жакын Коргон-Төбө деген райондун борборунан 3 бөлмөлүү батир беришкен.

Бул да болсо Өзбекстандын президентинин бир гана мага эмес, бүтүндөй кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы деп билем. Андыктан 2 өлкөнүн ажолоруна Аллах ыйман берсин, достугун бекем кылсын.

Идирис Айтбаев

Кыргызстандан эч кандай сыйлык ала элекмин, болгону мындан 3 жыл мурда президенттин ардак граммотасын алгам. Элдин ак батасынан ашкан сыйлык жок деп ойлом. Азыркы учурда 24 саат бою чек ара ачык, тууган-урук менен кеңири катташып, 2 өлкөнүн ортосундагы ынтымак күчөп турган учур.

Чек ара маселеси учурунда көкөйгө көк таштай тийген, бул тууралуу көптөн бери айткым келип жүрчү. Бир жолу атам жүрөгү кармап ооруп калды, 2-3 күн комада жатты. Кыргызстандан бара албай канча ыйладым. Ага удаа эле бир тууган иним үйлөндү, анда кызмат кыла албадым. Туугандарыбыздын көзү өтүп, жаназасына катыша албадым.

Чек аранын жабык болушу бир гана мага эмес, мен сыяктуу канчалаган боордошторго күйүт жаратты.

Телеграмма аркылуу барган күндөр болду, тойго десең чек арадан өтөсүң, жаназага десең ошол жерде калдың... Жаназага бара жатып, тойго барам деп жалган айтып өткөн күндөр болду. Чек аранын ары жагынан көрүнүп турган айылыма Казакстан, Ташкент менен айланып учуп барып келген күндөр өттү. Айтоор карапайым калктын кайгысы башынан ашып кетти. Ушулардын баарын комузга салып ырдап, деңиздей достукту даңазалаган элем. 
Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды

- 6 тилде төккөн акын катары билебиз, сизден башка дагы көп тилде төккөн акындар барбы?

- 6 тилде төгүү маселеси коомчулукта чоң резонанс жаратты. Кайчы пикир, сын пикир айткандар болду. Бирок, башка тилде төгүү маселесин тарых бетин барактап отуруп кезиктирдим. Токтогул атабыздын Сибирде орусча төгүп, Андижан аралап келе жаткан кезде өзбекче төгүп ырдаганы тарых бетинде калган.

Кесибим -англис тили мугалими. Мындан улам, өзүм билген тилдерди кошуп орусча, өзбекче, түркчө, англисче, казакча кошуп төгүп койдум. Чынында бул төкмөлүк өнөрдө жаңылык эмес. Муну буга чейинки улуу аталарыбыз жасап келген.

Идирис Айтбаев
Менден бөлөк башка тилдерде төккөн акындар бар деп айта албайм. Балким, төгүп аткан ырында бир эки сөз гана аралаштырып төгүшү мүмкүн. Бирок, чынында толугу менен башка тилде төгүү бакытты мага насип этиптир. Мен азыр коркпой эркин түрдө өзбек, түрк тилдеринде төгүп бере алам. Ал эми орус, англис тилдеринде өз тилимдей эркин төгүп ырдай албайм. Мүмкүн 2-3 куплет коркпой төгүп кете бересиң, андан ары 2-3 мүнөттө ойлонушуң керек болот. Негизи ойлонууну, изденүүну талап кылат. Башка улуттарга айтаарым, өзбектерден акын жаратса болот, анткени тилдерибиз жакын. Түрктөрдөн акын чыгарса болот, тилдерибиз дээрлик бири бирине окшош. Ал эми англис тили менен орус тилинде сүйлөмдүн түзүлүш структурасы башкача.

Менин башка тилде төккөнүм акындыкты бузганга кирбейт. Эгерде төгүп аткан кезде мисалы, «Ас-саляму алейкум, амансыңбы агайын? Раз вы сюда пришли мен жакшылап ырдап калайын» деп орусча бир-эки сөздү аралаштырып төккөнүмдө, же «давай, не надо, так что» деп кошуп айтсам, анда акындыкты бузду десе болот. Ал эми мен толугу менен өзбекче же түркчө, орусча, англисче төгүп атканым үчүн, бул жерде акындыкты бузду деп айта албайбыз.

Менин максатым- ошол түрк, өзбек, англичандар кыргыздын улуу өнөрүн котормочусу жок эле түз менден угуп, мен аркылуу түшүнүп, кыргыз элине баа берсе.

- Балдарга сабак бергенде деле куюлуштуруп сүйлөп, анча-мынча төгүп коесузбу?

- Өз кесибим боюнча англис тили мугалимимин. Балдарга сабак берген кезде сөзсүз уйкаштырып сүйлөп калам. Айрыкча окуу аяктап, чейрек бааларын чыгарып аткан кезде комузумду алып кирип, ар бир балага чейректе алган бааларын акындык менен айтып отурчумун:

«Аай балам, эми келип калдың,

Чейрегиңе молодец, жакшы окуп бешти алдың.

А сен болсоң 2 койсом, өчөшүп мага кек салдың.

2 алгандын айынан, мына 5 алалбай төрт алдың.

Чейрек бааң 4 болду, 5 болсо экен деп бул баламдын

2 көзү төрт болду, жүрөгү жалын өрт болду», -деп балдарга тийишип ырдап турчумун.

Акындык өнөрүмдөгү менин чоң устатым мектептеги менин окуучуларым деп айтам. Анткени сахна жок, телефон жок ошолорго ырдап, ошолорго тартынбай, уялбай алар менен өз алдымча даярданчумун. Аны балдар балалык кылып билбеши мүмкүн, өзүмдү окуучуларым менен айтышка даярдадым деп ачык айта алам.

Идирис Айтбаев

Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Идирис Айтбаевдин жеке архивинен алынды

- Сөз байлыкты кеңейтип китеп көп окусаңыз керек, кандай китептерге басым жасайсыз? Акыркы окуган китебиңиз?

- Сөз байлыкты кеңейтип туруу -төкмө акындар үчүн өтө зарыл. Маалымат болбосо акын алсыз болуп калат. Мисалы, ар бир айтышка жок дегенде айтыштын темасына байланыштуу 2-3 китепти окуп бүтүрүп анан чыгам. Китеп окубай калдым дегиче, анда ошол күндү ачка өткөрүү же өлүк өткөрүү деген менен эле барабар. 1 күндө 3 маал тамактанбасам болбойт дейбиз.

Мен дагы 1 күндө жок дегенде 3 барак китеп окубасам болбойт деген жеке мыйзамым бар. Ар күнү сөзсүз китеп окуйм, сумкамда, чөнтөктө, унаада, үйүмдө сөзсүз китеп болот. Саякат, сапарга чыкканда бирден китеп алып жүрөм.

Идирис Айтбаев
Менде 1 китепти бүтүрүп, анан экинчисине өтүү керек деген нерсе жок. Параллель түрдө китептерди окуй берем. Мисалы, күндө бир гана аш жей берсең көңүлүнө тиет. Апаларыбыз 7 күндө 7 түрлүү тамак жасайт. Ошол сыяктуу эле мен деле 7 күнү 7 түрдүү китеп барактаганга аракет кылам. Китептер диний темада, тарбиялык, адеп-ахлактык темада же дүйнөлүк светтик илим темасында болуп турат.

Азыркы учурда «Тилдин балээси ушак» жана «Ден соолук» деген китептерди окуп жатам.

Эң көп окулган жаңылыктар