06:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн резиденцияга чакырды

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияга чакырды.

Маалыматка караганда, жолугушуу 14-сентябрда саат 17.00дө башталат. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, Убактылуу өкмөттүн курамына Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмурбек Текебаев, Темир Сариев, Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дуйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков кирет. 

10-сентябрь күнү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолугушканы маалымдалган. Жыйынга мурдакы президент Алмазбек Атамбаев гана катышкан эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар