Нарын районунун Кеңеш айылындагы жаңы окуу жылын контейнерде баштаган К. Абиров атындагы мектеп социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, бир топ маселени козгоду. Ал арада айрымдар мамлекеттен эмес, жергиликтүү байлардан жаңы имарат талап кыла башташты. Алардын айтымында, ансыз деле акчасы ашкан байлар каражатын мечит курууга жана башка чыгымдарга кетиргендин ордуна айылына мектеп куруп берсе, мамлекетке дагы, элге дагы жардам берген болот.
Ири демөөрчүлөр күтпөй социалдык тармактагы активисттер цемент, шифер, акчалай түрүндө, мектептин курулушуна жардам топтой башташты.
24.kg агенттиги өлкөнүн акчалуу жана белгилүү инсандарынын өзүнүн айылынын, районунун кандай көйгөйүн, муктаждыгын чечип, кайсы тармакта демөөрчүлүк жүргүзөрүнө саресеп салды.
Мечит элге, сообу өзүнө
Жергиликтүү акчалуулардын атынан эң көп курулган объект — бул мечит. Негизи мечит демөөрчүлөрдүн акчасына салынат. Ошондой уламбы, саны мамлекет курган мектептерден көп.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылы Кыргызстандагы мечиттердин саны 2 миң 600 болсо, мектептер — 2 миң 265.
Адатта ар бир айылдын баш көтөрүп, үй-мүлк топтогон кулуну чакан болсо да айылына мечит куруп берүүнү милдет катары эсептейт.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте 5 миң киши баткан мечит салып, аны муфтиятка өткөрүп берген. Курулушка жумшалган чыгымдын көлөмү белгисиз. Мурдакы президент
Бишкектеги 6 миң киши баткан Имам Сарахсий мечиттин курулушуна 25 миллион доллар жумшалгандыгын эске алса, анда Атамбаев менен Матраимов мечити 15 миллион долларга бааланат. Ал эми бир 200 орундуу мектептин курулушуна 80 миллиондун тегерегинде каражат сарпталат.
Депутаттар, экс чиновниктер гана эмес, кримтөбөл дагы эл алдында болбосо да кудай алдында күнөөсүн жеңилдетүү үчүн мечит курушат. Рыспек Акматбаев дагы туулган жерине мечит салып берген.
Мектеп көйгөйү, билим берүү бизнесин өркүндөтүүдө
Мектеп курган саясатчылар, олигархтар да жок эмес экен. Бирок, аны элге эмес, өзүнүн кезектеги бизнес долбоору катары ачышкан. Жогорку Кеңештин депутаты, Ош облусунда ири цемент заводунун ээси Азамат Арапбаевдин Ош шаарында эл аралык статустагы жеке менчик мектеби бар. Анда окуу үчүн кеминде 3 миң доллар төлөнөт.
Андан тышкары, чет өлкөдө ишкерлик менен алектенген Төлөндү Тойчубеков Бишкек, Кант, Кербен шаарларына «Билимкана» мектебин ачты. Мында да билим алууга акы алынат.
Өлкөнүн алдынкы байы Аскар Салымбековдун өлкө боюнча бир нече билим берүүчү жайлары бар. Бирок, алар орто окуу жайы эмес, акы төлөнүүчү бизнес курстар.
Жакында эле «Ихлас» курулуш ишканасы эл аралык макамдагы мектеп ачканын жарыялады. Мында да акы алынып, бирок, жетим балдар үчүн бекер орун бөлүнөт.
Көрсө акчалуу кыргызстандыктардын ичинен Камчыбек Жолдошбаев гана жаңы мектеп курбаса дагы, Ак-Талаа районунун Ак-Кайыңды айылындагы Баардык жакшы нерсе балдарга
Бирок, мектеп салып бербесе дагы, айрым бай инсандар өз айылдарына чакан болсо да бала-бакча ачып беришүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты, «Акун» компаниясынын кожоюну Чыныбай Турсунбеков Жан-Булак айылына бала-бакча ачкан. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов дагы Кочкор районундагы 12 сотых жерин жана эски үйдү жергиликтүү бийликке бала бакча курууга өткөргөн.
Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Абдыганы Эркебаев дагы Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы беш бөлмөлү үйүн бала бакчага берген.
Сапаттуу медицина акчалуулар үчүн
Медицина жаатында деле ушул ахыбал. Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Ош шаарында ири менчик клиника ачса, мурдакы саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев бул жааттагы көйгөйдү акысы асманды чапчыган ири клиника менен чечмекчи.
Бирок, жергиликтүү ишкерлер арасында кайрымдуулары жок эмес. Мирлан Исагалиев аттуу ишкер Балыкчыда гемодиализ борборун куруп, жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берген. Андан кийин ал «Тез жардам» кызматына да унаа алып бергени маалым.
Саламат жашоого үндөөбү, же «чоң муштум» топ түзмөйбү?
Кыргызстандагы байлардын спорт клубтары бар экени белгилүү. Андан сырткары, депутаттыкка атаанар алдында талапкерлердин бир тобу айылдарына футболдук аянтча салышкан.
Бирок, анын баары эл үчүн бекер эмес жана жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп бергени жок эсе.
Мисалы кулатуу, эртаймаш (ММА) федерациясына аймактык бөлүктөрүн парламенттин спикери Дастан Жумабеков, депутат Жыргалбек Турускулов жана депутат Алиярбек Абжалиев жетектешет. Элге таанымал Элмырза Сатыбалдиев, Райымбек Матраимовдун дагы спортчуларга демөөрчүлүк кылары белгилүү.
Элге ыр-бий жана тамак-аш гана бекер
Декларациясы боюнча жупуну көрүнгөн мамлекеттик чиновниктер, саясатчыларды байлыгы кайрымдуулукта эмес, ири той-аштарда билинет.
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жыргалбек Саматов 2013-жылы уулдарына сүннөт той өткөрүп, аламан улак уюштурган. Байгеге 50 төө, 20 ат, 20 топоз коюлганы маалым.
Ошондой эле ири бир нече миллион сомду чаптаган тойлор тынымсыз өтүп турат. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов май айында Кара-Сууда ири иш-чара өткөрүп, өлкөнүн белгилүү ырчыларын чакырып, элдин көңүлүн ачырганы маалым. Ага катышкан шоу-бизнес өкүлдөрүнүн акылары эле кеминде миң долларды түзөт.
Эгемендүүлүк күнүнө карата парламенттин дагы бир депутаты Улан Примов Алай районунда концерт берип, Омар Жанышов, Нурлан Насип, Самара Каримова баш болгон «кымбат» ырчылардын катышуусунда өткөрдү. Албетте мындай, концерт жана мелдештер элге бекер коюлат.