11:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда наабайкана толугу менен өрттөнүп кетти

Жалал-Абад шаарында наабайкана өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Ленин көчөсүндөгү наабайканада болгон.

«Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 200 чарчы метр тунуке жана шифер менен жабылган нан бышыруучу жай толугу менен күйгөн. Анын ичинде 23 тонна ун, 261 кг ачыткыч, 200 кг туз, 85 кг кесме, 225 кг перловка, 80 литр май, жалпы салмагы 847 кг түзгөн нан, камыр жууруучу 1 жабдык, нан бышырган 2 меш, кесме чыгаруучу 1 жабдык, перловка чыгаруучу 1 жабдык, 4 даана эмерек өрттөндү. Учурда кырсыктын себеби такталууда», -деп билдиришти ӨКМдан.

Эң көп окулган жаңылыктар