12:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токко урунган жоокер Руслан Сапарбаев пенсия жана камсыздандыруу ала албай келет

Токко урунуп 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев пенсия жана камсыздандыруу ала албай келет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» борборунун юристи билдирди. 

Айтымында, алар Башкы штабдан жана жабырлануучу милдет өтөгөн аскер бөлүгүнүн командирлеринен каражат талап кылышууда.

Аталган укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулованын айтымында, сот соттолуучулардын Руслан Сапарбаев кырсык болгон маалда мас абалда болчу деген билдирүүсүн эске алган.

«Жазык кодексинин жаңы редакциясы боюнча арк андай шек саноолор күнөөлүүлөрдүн пайдасына чечилет. Мындан улам пенсия менен камсыздандырууну токтотуп коюшту. Мындан тышкары командирлердин шалаакылыгынын айынан жоокер майып болду, ага 1 миллион 200 миң кенемте төлөнүп берилсин деген талапты сот аткарган жок», -деди Азиза Абдирасулова.

Эске салсак, былтыр августта Майлы-Суудагы аскер бөлүктө Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колунан ажыраган.

Эң көп окулган жаңылыктар