Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты — айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү, анын ичинде Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушуна айыл статусу берилди.
Нарын областында Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушуна айыл статусу берилди.
Ош областында Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу, Пахта-Абад калктуу конушу, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу, Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу, Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу, Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу, Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу, Бостон калктуу конушу, Чоң-Кыштоо калктуу конушу, Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу, Он Эки-Мойнок калктуу конушу, Өрнөк калктуу конушу, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушуна айыл макамы берилди.
Талас областында Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу, Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушуна айыл статусу берилди.