17:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасы менен таанышып жатып билдирди. 

Кошумчалай кетсек, ишкананын кубаттуулугу жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт.

Компаниянын жетекчилигинин маалыматына караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат. Ишканадан 7 миллиард сом салык түшөт. Анын 2 миллиард сому жергиликтүү бюджетке которулат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы фабриканы курууга жер бөлүп берүү маселеси чечилгенин белгиледи.

Компания 100 миллион доллар инвестиция салууну жана 700 жумуш орунун түзүүнү, анын 90 пайызын жергиликтүү элден түзүүнү пландоодо. Мен жергиликтүү эл техникалык багыттагы адистикти өздөштүрүп, окуу керектигин белгилегим келет. Жаңы фабрика иштеп баштаганда дагы 350 жумуш оруну түзүлөт

Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр «өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын коюуда», — деп белгиледи.

«Биз, тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай, алардын иш планын билбей туруп, уруксат кагазы берилип келген. Мамлекеттик органдар жергиликтүү эл менен иштешүү маселесин инвесторлорго оодарып, өздөрү четте калчу. Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик. Бул эффективдүү кызматташтыкты, жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүүнү шарттайт жана бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөлдү күчөтөт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар