Бишкекте 7 жашар баланын колуна тосмонун учтуу темири сайылып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Жал кичи районундагы № 80 үйдүн жанында болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, баланын колунан темирди чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.