Кыргызстандык зыяратчылар 17-августтан тарта мекенге кайтышат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда мекендештер ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Алар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.
Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп, алар 25-августка чейин өз иштерин улантат. Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып, 2 тез жардам унаасы иштеди.