15-16-август күндөрү Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:
- Киев, Тоголок Молдо, Токтогул, Исанов көчөлөрү менен чектеш аймакта;
- 14-15-августта Кант шаарында (Гагарин, 13а, 14а, 15а, 19а, 19б);
- 15-августта Токмак шаарында (Татар, Казахстан, Береговая, Пролетарская, Интернациональная, Өзбек).