10:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө жемкорлук айыбы тагылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө жемкорлук айыбы тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, ИИМдин тергөөчүсү мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу кылмыш иши боюнча айып такты.

«Айып негизсиз. Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакырып, аны суракка албай коюу кантип негиздүү болсун? Ага дароо эле шектенүү тууралуу билдирүүнү айтышты. Бул мурда эле пландалган сценарий. Бул аракеттер мыйзамсыз, анткени Алмазбек Атамбаевдин экс-президент катары кол тийбестиги бар», -деди жактоочу.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар