23:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМКнын барымтадагы кызматкерлери кое берилди

УКМКнын барымтадагы кызматкерлери кое берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов билдирди.

Айтымында, 6 кызматкерди Атамбаевдин үйүнөн УКМКга алып кетишти.

«Эл Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчү менен кызматкерлерди кое берди. УКМК аларга унаа берген жок, мындан улам аларга биз унааларыбызды бердик», -деди Фарид Ниязов.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар