USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Токон Мамытов ооруканага түшкөн жарандардын ал-абалынан кабар алды

11:09, 09 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ акыйкатчы Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылышуудан улам ооруканага түшкөн жарандардын ал-абалынан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Алгач Улуттук Госпиталга, андан соң № 4 Бишкек шаардык ооруканага барды.

«Акыйкатчы барган учурда 4 адам дарыланып, 1 адам реанимацияда жаткан. № 4 ооруканага алгач 26 жаран кайрылганын, анын ичинен 6 оор абалда жаткырылып, 1 кайтыш болгонун, 13 амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн дарыгерлер айтышты», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика