20:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев өзүнө таандык жер аянттарын декларацияда көрсөткөн эмес

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге таандык жердин аянтын кичинекей шаар же Бишкектин үчтөн бир бөлүгүнө салыштырса болот. Factcheck.kg мурунку мамлекет башчынын мүлкүн текшерип чыкты. Алар 2015, 2016 жана 2017-жылдардагы декларацияларынын аныктыгын кадастрдык кызматынын сайтындагы маалыматтар менен салыштырышкан.

Азыркы тапта мурунку президент жашап жаткан Кой-Таш аймагы кадастрдык кызматтын документи боюнча ден соолукту чыңдоочу борбор деп белгиленген.

Маалыматка таянсак, Алмазбек Атамбаев аталган жер аянтын 2015-жылы 12-майда мурунку мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимовадан сатып алган. Журналисттердин айтымында, мамлекеттик каттоо кызматынын документине ишене турган болсок, Айнура Ибраимова аталган жер аянтына болгону 5 күн гана (7-12-май аралыгы) ээлик кылган. 

Жер аянтынын мурунку ээлери Анарбек Үкүев, андан мурда «Дастан» заводу болгон. «Кадастрдык кызматтын документинде тарыхы туура эмес маалымат орун алган. Жер аянты бириктирилген же бөлүнгөн болушу мүмкүн. 2,7 гектар аянтка биринчи кожоюн катары Албек Ибраимовдун жубайы гана көрсөтүлгөн. Ага чейинки кожоюндар тууралуу маалымат жок», -деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ден соолукту чыңдоочу борбор деп көрсөтүлгөн объектте турак жай турат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин ошол эле Кой-Ташта ижарага алынган айыл чарба мүнөзүндөгү 5 соток жери бар. Ал дагы 2015-жылдын 12-майында катталган. Бирок, «Ден соолукту чыңдоочу борбордон» айырмаланып, мүлк 2015,2016, 2017-жылдарда бир дагы декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Дагы бир жер аянтын (0,7 гектар) Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 3-сентябрында ижарага алган. Аны колдонуу формасында «көп жылдык өсүмдүктөр» деп көрсөтүлгөн. Бирок, декларацияда 3 жыл бою ижарага алынган жер тууралуу айтылган эмес.

Салык кызматынын басма сөз кызматчысы Эркин Сазыковдун айтымында, ижарага алынган айыл чарба жерлери декларацияда көрсөтүлүшү керек.

2018-жылы Алмазбек Атамбаев дагы бир канча айыл чарба жерлерин ижарага алган. Бирок, алардын аянттары аныкталган эмес. Кадастрдык кызматта маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Арашан айылында дагы мурунку президенттин бир канча жер аянты бар. Декларацияда 2016-жылдын сентябрында ижарага алган жери (0,25 гектар) көрсөтүлгөн эмес. Дагы 6,4 гектар жер аянты 2010-жылдын ноябрынан бери мурунку өлкө башчынын менчигинде катталуу. Былтыр ал 5 миң 700 гектар жайыт жерди ижарага алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума