Ленин чокусунан изделип жаткан Орусиянын жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынын 6 альпинисти 6 миң 200 метр бийиктиктен маркумдун сөөгүн табышып 1-лагерге (4400м) алып түшүшкөн.
Эске салсак, буга чейин орусиялык альпинист 27-июлда Ленин чокусунан түшүп келатып, акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыгып бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.