07:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Премьер-министр кирешелүү бизнестин салык төлөөдөн качып жатканына нааразы

Ысык-Көлдөгү ар бир үй күнүнө 60 миң сомдон киреше тапкан пансионат. Ал эми айына алар болгону патентке 600 сомдон төлөшөт. Бул тууралуу Салык кызматынын коллегиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, Бишкектеги кафе жана ресторандар көп эмес суммада патент төлөшөт, бирок алардын кирешеси чоң.

«Адамдардын ресторандагы тамактануусуна эле 3 миң сомдой акча кетет. Күнүнө бир столдо кеминде 5 ирет тамактанышат, ага жараша киреше 15 миң сомду түзөт. Патенттен башка нерсеге өтүш керектигин канча убакыттан бери айтып келебиз. Аларды салык төлөөгө үйрөтүш керек. Фискалдык саясатты өзгөртөбүз. Бирок силер тараптан бир да кадам жасалган жок», — деп билдирди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар