17:45
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Өкмөт башчы: Бюджетти аткарууда жетишпегендиктер жана көйгөйлөр бар

Бүгүнкү күндө бюджетти аткарууда жетишпегендиктер жана көйгөйлөр бар. Бул тууралуу Салык кызматынын коллегиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Анын билдирүүсүндө, былтыр салык чогултуу боюнча көрсөткүч ашыгы менен болгон.

Бул жылы 6 айдын жыйынтыгын алып караганда, айрым көйгөйлөр бар.

«Биз планды аткаруу үчүн чара көрүшүбүз керек. Мен өкмөт тарабынан керектүү колдоо болот деп айтуу үчүн, коллегияга атайын катышууну чечтим. Жетекчиликте көйгөйлөр бар, мындан улам шаардык жана аймактардагы Салык кызматынын жетекчилеринин иштерин тыкыр карап чыгуу зарыл. Жакшы көрсөткүчтөргө ээ айрым райондор бар, планды аткарбаган айрым жерлер дагы бар. Эгерде алдыга коюлган тапшырманы аткара албаган жетекчилер болсо, аларды алмаштыруу керек. Жегич жетекчилеррайондон районго орун которо бербей, кызматтан кетиши зарыл», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар