18:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө, «Инфоком» ишканасына, Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине жана башкаларга «жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө коррупцияга барган» делип кылмыш иши козголгон. Алардын катарында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова дагы бар. Ал буга чейин УКМКнын сурагына келбей койгон.

УКМК Алина Шаикова эгер ал ушул жылдын 5-августуна чейин келбесе, ага карата издөө жарыяланаарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар