09:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Унаа жууй турган жайлар үчүн суунун баасын көтөрүү зарыл

Унаа жууй турган жайлар үчүн суунун баасын көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев айтты.

Анын билдиргенине караганда, мамлекеттик агенттик ишке жаңы гана киришкендиктен, суу ресурстарын колдонуу боюнча саясатты жана планды иштеп чыгышат.

«Сууну ичүү үчүн керектешсе ал өзүнчө баа менен төлөнөт. Унаа жууй турган жайларга сууну колдонуунун баасын көтөрүү зарыл. Баа канчалык кымбат болсо, алар сууну ошончо үнөмдөшөт деген ойдомун. Унаа жууй турган жайлар сууну үнөмдөө жолун караштырып, балким сууну тазалап, кайра колдоно баштайт», — деди ал.

Эске салсак, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлүп, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар