11:06
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевдин ишине саясий баа берүүнү талап кылышууда

Жарандык активисттер перзидент Сооронбай Жээнбековго мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кызматта турган маалындагы ишмердүүлүгүнө саясий баа берүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Жарандык активисттерге КСДПнын кайра шайланган лидери Сагынбек Абдрахманов жана Саясий туткундарды коргоо боюнча комитеттин өкүлдөрү кошулушту.

Алардын айтымдарында, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында камалоо абалын ээлеп алып, өлкөнүн коомдук-саясий абалын туруксуздаштырууда. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин мурунку ишине объективдүү укуктук баанын берилбей создуктурулушу, саясий каатчылыкка себеп болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар