19:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Коопсуз шаар». Айыппулду төлөөдөн 186 миллион сомдон ашуун каражат чогулду

Жол кыймылынын эрежелерин бузууда салынган айыппулду төлөөдөн 186 миллион сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тарта жол эрежелеринин бузулгандыгы тууралуу 337 миң 448 токтом чыгып, унаа ээлерине жиберилген. Анын ичинен 145 миң 709 айдоочу айыппул төлөштү. Бул 43,2 пайызды түзөт.

Жол эрежелерин бузгандар 186 миллион 318 миң 225 сом төлөштү.

Эң көп окулган жаңылыктар