09:01
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкекте 28 жаштагы Исабек уулу Саид изделүүдө

Бишкекте 28 жаштагы Исабек уулу Саид изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, изделип жаткан жаран биринчи топтогу майып.

Саиддин апасынын айтымында, уулу 6-июлда болжол менен саат 14:00дө Фучик көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155 см, чачы кара, кыска, көзү күрөң, орточо дене түзүлүштө. Ошол күнү боз футболка, көк чолок шым, бутунда күрөң жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Маалымат болгон жарандар төмөнкү телефондор аркылуу кайрылып коюңуздар: 0(312) 35 26 05, 0 553 102 465, 0 703 401600, 0 705 450553,0553102 880 же «102».

Эң көп окулган жаңылыктар