Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.
«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстандын премьер-министрин Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Мындан тышкары Өзбекстандын өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.