07:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган агенттик жер ресуртарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максаттарында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2009-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоого чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу тутуму -Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги иштеген.

Бул мезгилде жер мамилелерин жана жерге орноштуруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуу ыкчам жана сапаттуу чечилип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу опографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштери өз убагында аткарылып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар