14:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Максат Кунакунов: Атамбаев түзмө-түз мени кыйноого салган учурда дагы өч албайм

«Мени Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен камашты», — деп Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Максат Кунакунов абактан бошотулгандан кийин «Азаттык» радиосуна билдирди.

Белгилей кетсек, ал Бишкек шаардык Лейлек райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Ал терроримзге кол кабыш кылуу, курал сактоо, мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Максат Кунакунов 2015-жылы «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.

Анын айтымында, анда ал үч күнгө Дубайга карындашына жөнөп, үч күндөн кийин кайтууга билет да сатып алган. Бирок, аны өлкөдөн качып кетүү аракети катары баалашкан.

«Мага коюлган айыптар негизсиз, Акүйдүн буйругу менен соттоду. Сотто бир дагы киши келип көрсөтмө берген жок. Айып белгисиз бир жарандын менин атымды атагына менен гана коюлуп, кармалып, соттолдум. Далил да, негиз да болгон жок. Менден эч кандай курал алышкан эмес. Ошол жылы террордук операциянын жүрүшүндө каза болгондордун бирөөсү мага каршы көрсөтмө берген кишиге менин атымды атаган имиш», — дейт Максат Кунакунов.

Максат Кунакунов Бишкек шаарынын мурдакы мэри Албек Ибраимов менен дагы туугандык байланышын ырастады.

«Ооба, мен анын жээни болом. Бийлик адамды өзгөртөт экен. Тарыхта деле көрүп жүргөндөй бийлик үчүн адамдар бир тууганын деле сатып, өлтүрүп кетет. Биздин жашоодо жакынын да түрмөгө олтургузуп койсо болот», — дейт ал.

Максат Кунакунов кылмыш ишин өзүнүн саясый ишмердиги менен байланыштырат. Ал өч алуудан алыс экендигин айтып, бирок акталууга күчүн жумшарын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар