Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 45 жаштагы И.И. 27-июлда Ленин чокусунан түшүп жатып 5 миң метр бийиктиктен байланышка чыккан. Ошол бойдон кабары дайынсыз.
Окуя болгон жерге ӨКМден 6 куткаруучу чыгып, саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип түнөп калышкан. 29-июлда эртең менен издөө иштери башталды.