10:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Үй, айыл алмашуу. Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоого сунуштар

Кыргыз-тажик чек арасы акыркы он жылдан бери — эң бир көйгөйлүү аймакка айланды. Жыл башынан эки жолу ири кагылышуу болсо, жети жолу майда чыр катталды. Март айындагы жана акыркы жаңжалда Тажикстан тарап бирден киши набыт болгонун жарыялаган. Бирок, Ак-Сай айылынын тургундары каршылаш тараптын маалыматтарын жокко чыгарат. Алардын айтымында, тажиктер дайым маалымат саясатында жеңүүчү болуп, кырдаалды өз жагына бурганга аракет жасайт. Киши жоготуулар боюнча билдирүүлөр текшерүүнүн жүрүшүндө такталбай калары белгиленет.

24.kg агенттиги өтө татаал чек ара маселесин чечүү жолдоруна токтолот.

Чепке бек Баткен

Баткен району эң бир чек аралуу аймактардан. Бир эле райондун аймагы Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен. Андан тышкары, эки эксклав бар: Өзбекстандын Сох анклавы жана Тажикстандын Ворух анклавы.

9 айыл аймагы жана 70 минге жакын жашоочусу бар. Район тургундарынын 99 пайызы кыргыздар.

Райондун чегинде эски тарыхый палеолит дооруна таандык мурастар бар.

Райондун айылдарынын ичинен Ак-Сай, Көк-Таш эксклав тургундары менен тирешүүдө жашап келет.

«Ак-Сай» айыл аймагындагы жашоочулар жайытка баруу үчүн Тажикстандын анклавы Ворух аркылуу өтүүгө аргасыз. Бул жол өтө кооптуу болгондуктан, баткендиктер Ак-Сай -Тамдык жолун куруп башташкан. Жол Кыргызстандын белгиленген чеги аркылуу өткөнүн карабай, Тажикстан каршылык көрсөтүп келет.

Андан тышкары, айылдар өтө жакын жайланышкандыктан, арыктагы сууну колдонууда дагы келишпестиктер болот.

Алыс туугандан жакын коңшу

Көк-Таш, Октябрь айылдарында тажик жарандары менен кыргыз жарандарынын үйлөрү өтө жакын, айрым учурда дубалдары тийишип дагы жайгашкан. Андыктан көпчүлүктүн пикиринде, чек араны аныктоодо алмашуу жолун колдонууну сунушташат.

Баткен облусунун биринчи губернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, чек араны чектеп, сызык менен бөлүп коюу оңой эмес жана чыр-чатактарга чек кое албайт. Анткени, ары-бери өтүүдө жана башка учурлар өтө жакын болгондуктан келишпестиктер кайра эле пайда болушу ыктымал. Андыктан маселени чечүүдө Тажикстандын ролу чоң.

Тажик жарандары мыйзамга, буйруктарга баш ийет. Андыктан Тажикстан Ворух менен Жерге-Талдын, же Ходженттин жанындагы айылда жашаган кыргыздарды Ворухка, Мачаиге көчүрүп келсе болот.

Мамат Айбалаев
Ошондо Тажикстандын чек арасында дагы этникалык кыргыздар жашап, баткендик кыргыздар менен ымаласы келишип, ынтымакта жашарын белгилейт. Мамат Айбалаевдин маалыматында, Ходжент шаарынын жанындагы айылдарда 22 миңдей кыргыздар бар.

Ал болбосо Мамат Айбалаевдин пикиринде, Көк-Таш айылы менен алмашуу жолун да карап чыкса болот.

Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоодо алмашуу жолу менен гана чечилиши мүмкүн экендигин баткендиктер жакшы түшүнөт.

«Алмашуу болорун билебиз. Анткени, айылдар аралашып, үйлөр жанаша жайгашып калган. Чек ара кандай жол менен чечилсе дагы, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынып, артка чегинип, жерлерибизди алдырып койбосок болду», — Ак-Сай айыл аймагынын депутат Абсатар Бердиев.

Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз өкмөтү 1924-жылкы, 1958-жылкы жана 1989-жылкы карталарды кайра карап чыкмакчы.

Эң башкысы — чек ара

Облустун эли акыркы жыйырма беш жылда жерлердин бир тобуна коңшу өлкөлөр үй салып, жайгашып жатканын. Аларга берилген тилкелер кантип Тажикстанга өтүп калганына таң калуусун айтышат.

Чек ара чектеш айылдардын инфрастуртурасы начар. Президент жума күнкү сапарында мектеп, жол курулушун убалады. Бузулган көпүрөнү дагы ордуна келтирерин айтты.

Бирок, Ак-Сай эли үчүн социалдык маселелерден дагы коопсуздук биринчи орунда турат. Албетте, алты ичинде эки жолу үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан айыл тургундары жеке коопсуздугун гана ойлошот.

Биз 1975-жылдан бери жаңжал менен жашап келебиз. Андыктан чек ара чечилиши биз үчүн биринчи орунда. Бул боюнча өлкө башчысына дагы айттык

Абдысатар Бердиев

Эң көп окулган жаңылыктар