18:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек арадагы чатак. Милиция элге каршы курал колдонгон жок

Баткен облустук милициясы элге каршы курал колдонгон жок. Бул тууралуу облусту ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар социалдык түйүндөрдө жарыяланган фото жана видеолор калп жана чагымчылдык дейт.

ИИБсынын маалыматында, бүгүн милиция кызматкерлери жол тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Алар Ворух-Ак-Сай жолун ачуу керектигин айтышкан. «Камаз» үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 1200 L болгон жүк таашуучу унаанын ээси, сүрүп айдап келип, жолдун ортосуна шагыл төгүп салган. Ошол учурда анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюууга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалалык түрдө таш ыргытышып, милиция кызматкерлерине ачуу кыйкырыктарды жасашып мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Ошондо милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды», — дейт ИИБ.

Саламаттыктоо сактоо министрлигинин маалыматында, эл менен милициянын кагылышуусунан кийин 9 адам Ак-Сайда күзөттө турган «Тез жардам» кызматына кайрылган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда милиция Ак-Сай-Ворух жолун ачуу үчүн айыл тургундарына каршы желим октор менен аттаканы маалымдалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума