14:39
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Куудулдардын Москвадагы концерти. Мигранттар Адина Турдубаевага арыз жазышты

Москва шаарында иштеген кыргыздарга куудулдардын концертин коймокчу болгон Адина Турдубаевага Россиянын мыйзамдарынын чегинде жазаланат. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилиги билдирди. 

Элчиликтин маалыматында, Адина Турдубаева каргы мигранттар милицияга арыз жазууда. 

Маалыматка караганда, 22-июнь күнү Рахман Разыков баштаган куудулдар Крокус-Сити залында өтө турган концерт коймок. Ал кийин 20-июлга жылып, аягында болбой калган.

Концертке катышуучулардын бири Гүлшайыр Садыбакасова концертке катыша турган ырчылардын учакка билети алынбай, гонорар такталбагындыктан келбей калганын айтты. Ал эми Рахман Разыков куудулдардын билеттери сатылып алынганын, бирок, «Феникс» продюсердик борбору уюштуруп бере албаганын белгиледи.

Концерттин уюштуруучусу Адина Турдубаева билеттер сатылбай, залдын аренда акысы дагы чыкпай калганын айтты.

Социалдык тармакта мигранттар Адина Турдубаевадан билеттердин акчасын кайтырып берүүнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Адина Турдубаева алдамчылык беренеси менен 17 жылга соттолуп, март айында абактан чыккан. Ал көп кабаттуу үй салып берүү убадасы менен бир топ кишилерден акча топтоп, убадасын аткарган эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар