10:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нарында мал кырылды. Өлгөн козунун экөөсүнөн гана нитрат менен мышьяк табылды

Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдын алгачкы экөөсүнөн гана нитрат менен мышьяк табылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Кумар Исаков.

Анын айтымында, мамлекеттик инспекциянын Нарын облусундагы башкармалыгы өлгөн козулардын экөөсүн текшерип андан нитрат менен мышьяк тапкан.

«Нитрат менен мышьяк экөөдөн гана табылган. Азыр дагы эки өлгөн койдун анализин Бишкектен текшерип жатабыз. Жакынкы күндө белгилүү болот. Дагы бир ошол эле короодогу козуну алып келдик Бишкеке. Ал жакшы эле тирүү», — деди Кумар Исаков.

22 козу 8-июлдан тарта каза болгон. Малчынын короосунда жалпы 600 мал болсо, калгандары тирүү.

«Эч кандай башка жугуштуу илдеттин белгилери жок. Бул аймактагы малдар баары дарыланган. Өлгөн малдарда уулануунун белгилери бар. Ууланганда так ушундай өзүнөн көбүк чыгат. Бирок, бир эле короодогу, анүстүнө кочкор козулардын кырылышы бизде суроо жаратат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда бир короодон 22 козу кырылган. Малчылар аны жакын жердеги алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердиги менен байланыштырууда. Компания азыр комбинатты куруу ишин баштап, жол салууда.

Zhong Ji Mining ишканасы 2012-жылы алтын казып алууга лицензия алган.

Эгер элдердин дооматтары такталса, анда компаниянын иши токтотулат. Нарын районунун тургундары текшерүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби