21:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көлдө кар басып калган малдардын саны миңден ашты

Ысык-Көл районунда 1017 кой жана 47 баш ири мүйүздүү мал кар алдында калды. Бул тууралуу аталган райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, Тору-Айгыр айылдык округунда болжол менен 37 уй, 9 жылкы, 370 кой, Тамчы айыл аймагында 400 кой, 4 уй жана 5 жылкы, Чон-Сары-Ойдо 244 кой, 2 кулун кар алдында калган. Мындан сырткары катуу шамал 3 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

«Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кар алдында 1017 кой, 42 уй жана 19 жылкы калды. Учурда дагы өлүмгө учураган мал-жандыктарды эсептеп жатабыз», -деди аким.

Эскерте кетсек, 23-майдан 24-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында калыңдыгы 20-25 сантиметрге жеткен кар жаады. Кечээ беш чабандын 112 койу жана 1 уйу кырылгандыгы кабарланган. 

Эң көп окулган жаңылыктар