05:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нарында мал мите, боор жана ичеги ооруларынан кырылды

Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда кырынлган малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов Солтон-Сары жайлоосундагы жолугушууда.
 

Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалды.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш» — деди Калыс Жумаканов.

Ал кошумчалагандай, экспертиза Jhong ji Mining кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөттү, адамдардын жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталган эмес.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациясынын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Солтон-Сары жайлоосунда бир малчынын короосунан 22 козу өлгөн. Малчылар ага алтын комбинатын куруп жаткан кытайларды күнөөлөгөн.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума