Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-июлда болжол менен саат 19:50лөр чамасында катуу шамал катталып, Дектир көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жалпы 152 чарчы метр, 1 ашкананын 35 чарчы метр жана 1 сарайдын 3,8 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.