09:31
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ошто катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-июлда болжол менен саат 19:50лөр чамасында катуу шамал катталып, Дектир көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жалпы 152 чарчы метр, 1 ашкананын 35 чарчы метр жана 1 сарайдын 3,8 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар