19:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө жоголгон казак жараны табылды

Ысык-Көлдө жоголгон казак жараны табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 53 жаштагы М. Аркадий өзү аман-эсен пансионатка келген. Ал 14-июль күнү скутер менен түштүк жээкке жетип, скутери чөгүп кеткендиктен кайра кайта албагандыгын айткан. 

Ал өзү такси менен пансионатка кайткан. 

Белгилей кетсек, скутерди ижарага алып кеткен бойдон жоголгон казак жараны эки күн издөөгө алынды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума