Москвада 14 жашар кыргыз өспүрүм балдар аянтчасында ойноп жатып каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине диаспора өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, 7 — июль Москва шаарында Рязанский проспект районунда турнике ойноп жаткан Ислам Казыбеков кырсык болуп кайтыш болду.
Анын сөөгү учурда өлүккана жатат. Апасы баласынын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам суроодо.