18:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада хостел өзбек жана тажик жарандарын кабыл алуудан баш тарткан

Москвада жайгашкан «2Hostel2» хостели Өзбекстан жана Тажикстан жарандарын кабыл алуудан баш тарткан. Хостелдин администрациясы баш тартуу «тилкелик полиция кызматкеринин оозеки көрсөтмөсүнө» байланыштуу экенин билдирген.

«Ридус» интернет-басылмасынын кабарчысы «2Hostel2» хостелине үч өзбекстандык жаранды жайгаштырууга аракет жасаган. Бирок хостелдин администратору өзбек паспортторун көргөн соң, дароо алардын кабыл алуудан баш тарткан. Администратор аларды каттоо машакаттуу экенин билдирген.

«2Hostel2» хостелинин кызматкери тажик жана өзбек мигранттарын кабыл алуу учурунда аларды тилкелик полиция кызматкери убарага саларын кошумчалаган.

«Январда тилкелик полиция кызматкери кыдырып, Тажикстан жана Өзбекстан жарандарын кабыл албоону айтып кетет. Алар Подмосковьеге барып жайгашса, оң болот. Подмосковьеде аларга жакшыраак мамиле жасашат», — деген ал.

Орусиялык интернет-басылманын билдиришинче, хостел Украина, Молдова, Армения, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Ооганстан жарандарын оңой эле кабыл алат.

«2Hostel2» хостелинин сайтында азыркыга чейин: «Хостел Өзбекстан жана Тажикстан жарандарын кабыл албайт» деген маалымат турат.

​"Азаттыктын" өзбек кызматы хостел менен байланышкан учурда, кызматкерлер чындап эле Өзбекстан жана Тажикстан жарандары кабыл алынбай турганын тастыктаган.

Беш жыл мурун белгилүү өзбек сүрөтчүсү, документалист жана кино-оператор Умида Ахмедова Москвага барып, хостелге жайгашууда кыйынчылыктарга дуушар болгонун билдирген. Киев районундагы хостел администрациясы ага орус-славян улутундагы кишилерди гана тейлей турганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар