10:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада полиция кыргызстандык мигранттарды тапанча менен коркуткан

Москвада полиция кыргызстандык мигранттарды тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу Telegram-канал Baza билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, Петр Бледнов аттуу полиция менен Кыргызстандан барган мигранттар арасында пикир келишпестик жаралган. Полиция тапанчасын алып коркута баштаганда, окуя болгон жерге башка күч органдарынын кызматкерлери келишкен. Алар кесиптешин кармап полиция бөлүмүнө алып барышкан. Бирок, ал жөн турбай нөөмөттө отурган кызматкердин бетин муштап жиберген.

Маалыматка караганда, жаңжал чыгарган полиция мас абалда болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучунун мурду сынып, ооруканага жиберилди. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума