01:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Көкөмерен суусуна агып кеткен Молдакун Абдылдаевдин небересинин сөөгү табылды

Көкөмерен суусуна унаа менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Абдылдаевдин аялын жана уулун издөө иштери улантылып жатат. Буга чейин 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси табылган.

Эскерте кетсек, 30-июнь күнү Чүй облустук администрациянын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү бара жаткан ууна дарыяга түшүп кетти. Машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү 2-июль күнү табылган. Учурда жубайы менен уулу изделүүдө.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар