11:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көкөмерен суусуна агып кеткен Молдакун Абдылдаев айдоочусу менен табылды

Чүй облустук администрациянын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен машинедеги калган жарандар табыла элек. Түн кирип кеткенине байланыштуу саат 20.30да издөө иштери эртең мененкиге чейин токтотулганы кабарланды.

Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Азыр дагы үч киши изделип жатат. Алар Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени айтылган.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018 президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар