15:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Достон мамлекеттин кызыкчылыгы жогору. Экс-төрагалар билдирүү таратты

Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашты. Анда Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдунысымдары жазылган.

Алар саясый окуялар коомдо коркунуч жаратып жатканын айтышат. Алар Алмазбек Атамбаевдин аракеттерин сынга алып, коррупцияга каршы күрөшкө тоскоолдук түзүлүп жатканын белгилешет.

«Тил алчаак президентти жана премьер-министрди калтырып, диванда жатып башкаруу боюнча Атамбаевдин элге каршы жана кыйтыр саясаты ишке ашпай калды. Коррупция менен күрөшүү Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштуу иштерди ачыктады. Аны кол тийбестиктен ажыратуу Башкы прокуратурага тергөө иштерин баштоого мүмкүнчүлүк берди. Атамбаев «мыйзам алдында баары бирдей, ууру түрмөдө отурушу керек» деп айтканы өзүнө тиешелүү эмес деп ойлогон, бирок учурда мыйзам алдында жооп берүүгө мезгил келди», — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдагы спикерлер учурда өлкөдө көп көйгөйлөр бар экенин, алар Атамбаевдин тушунда андан бетер күчөп кеткенин белгилешти.

«Элге референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо укугун бериш керек. Андан кийин конституциялык реформаны баштоо зарыл. Таштарды чогултуп, эл үчүн жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштөөгө убакыт келди», — дешет парламенттин мурдагы төрагалары


Эң көп окулган жаңылыктар